У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте пакистандык туристти сабап, 600 доллар, 5 миң сомун жана телефонун алып кетишти


Бишкекте Пакистандан келген туристти сабап, 600 долларын жана 5 миң сомун, чөнтөк телефонун алып кетишти. Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп жатканын Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик жарандын тонолгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери чакыруу болгон жерге барышканда Пакистандын 1984-жылы туулган А.Г аттуу жараны белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анда ошол эле күнү саат 17:20 чамасында Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз жарандар ага карата күч колдонуп, сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Сумканын ичинде 600 доллар, 5 миң сом, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефону, паспорт жана банк карталары болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (тоноо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter