Бишкек мэринин милдетин аткаруучу: "Айдоочулар менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок алар каттамга чыкпоону улантышууда"
- 04.06.2021, 09:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маршруттук таксилердин айдоочулары кепке келбей жатканын билдирди:
“Алар жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Биз алар менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок алар каттамга чыкпоону улантышууда. Анткени мэрия коомдук транспорттордун акысын көтөрүүгө укугу жок. Жол киренин көлөмүн аныктоо маселесин шаардык кеңеш карайт. Сентябрга чейин убакыт сурап жатабыз. Бирок алар тездетүүнү талап кылышууда. Башка унааларды да тартууну көздөгөнүбүз менен коопсуздук маселеси болууда”, - деди ал.