У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерлердин жеке ооруканаларда иштөөсүнө тыюу салынат


 
Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик ооруканаларда иштеген медицина кызматкерлери жеке медициналык борборлордо иштөөсүнө тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтканына караганда, министрлик парламентке атайын сунуш даярдоодо. Ал сунушта мамлекеттик ооркуналарда иштеген дарыгерлер кошумча менчик клиникада иштебесин, жеке медициналык борборлордо иштеген медицина кызматкерлери мамлекеттик ооруканада иштебесин деген маселе депутаттардын кароосуна коюлат.
 
Министрдин айтымында, мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгерлер бейтаптарды эртең менен мамлекеттик ооркуналарда кабыл алып, түштөн кийин менчик клиникаларга жаткырып дарылап, операция жасап акчасын алышууда. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter