Нарында курамында алтын бар деген таштарды ташып бараткандар колго түштү
- 18.01.2021, 13:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунун Нарын районунда курамында алтын бар делген ак түстөгү таштарды мыйзамсыз негизде алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн.
Анын алкагында таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
"Натыйжада Нарын районунун беш тургуну Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр аймагынан курамында алтын бар делген ак түстөгү үч капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган", — дешти милициядан.