У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус 139 кишиден аныкталып, бир бейтап көз жумду


Өткөн суткада коронавирус 139 кишиден аныкталып, 107 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек - 123;
  • Чүй облусу – 9;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 3.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 89 153кө жетти. Анын ичинен 85 271 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 77;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 26;
  • Ысык-Көл облусу – 3.
Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте бир бейтап коронавирустан каза тапкан. Аны кошкондо көз жумгандардын жалпы саны 1 507 болду.
Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирус аныкталган 648 бейтап стационарларда дарыланууда. Андан сырткары, 774 бейтап медициналык жардамды үй шартында алып жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter