У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-сентябрга чейин миллион жаранды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда


1-сентябрга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги миллионго жакын кыргызстандыкты COVID-19га каршы эмдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
 
Анын айтымында, учурда 77,5 миңге жакын адам эмдөөдөн өткөн, анын 27 миңге жакыны экинчи дозасы менен эмделген.
 
Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан эмдөөлөрдүн көрсөткүчү боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн артта калгандыгын мойнуна алды. Бирок ал 1-июлга чейин 500 миңден ашуун адамды, ал эми 1-сентябрга чейин бир миллион адамды эмдөөдөн өткөрүүгө болот деп үмүттөнөт.
 
«Жакында Кыргызстанга Sputnik V жана Sinopharm вакциналарынын партиялары келет. Ошондой эле 460 миң доза AstraZeneca келиши күтүлүүлө», - деди ал.
 
Министр вакцинация калк үчүн акысыз болорун кошумчалады. Бирок ал жеке клиникалар келечекте эмдөөлөрдү акы төлөнүүчү негизде жүргүзө алаарын четке каккан жок.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter