У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска каршы эмдөөнү саламаттыкты сактоо министри биринчи алат


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп 29-мартта алат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат.

Эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө башталат. Учурда аймактарга вакциналарды жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаары боюнча эмдөө үчүн 5 пункт ачылат. Чүйдө 2 пункт, ал эми Ош шаарында дагы 2 пункт ачылат.
Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.

Өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter