У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Европанын айрым өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотушат

 
Португалия, Словения жана Латвия AstraZeneca коронавирус вакцинасын колдонууну токтотушту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Португалияда мындай чечим дарыга болгон терс реакциялардын эки учурунан кийин кабыл алынган.
 
Словениянын Саламаттыкты сактоо министри Жанез Поклукар «AstraZeneca вакцинасына байланыштуу көптөгөн шек саноолорго байланыштуу өлкө бийлиги эксперттердин тобунан бардык деталдарын кайра карап чыгууну суранды»,- деди.
 
Эксперттер эмдөө Европалык дары-дармек агенттиги акыркы чечими чыкканга чейин токтотулганын айтышты. 
 
Канаданын Квебек провинциясынын өкмөтү өлкөдө калктын AstraZeneca эмдөөсүнөн баш тарткан биринчи учурлары катталгандыгын билдирди.
 
Буга чейин Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Австрия, Эстония, Литва, Люксембург, Дания, Болгария, Норвегия, Исландия, Словения, Кипр, Италия, Франция, Германия жана Испания бул вакцинанын колдонулушун токтотушкан. Ал Европа Биримдигинде колдонуу үчүн Европалык дары-дармектерди жөнгө салуучу агенттик тарабынан бекитилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter