У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өлкө аймагында район акимдерин аттестациялоо жакында башталат


Өлкө аймагында район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо 11-мартта башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аттестациялоо алгач Нарын облусунан башталат. Аттестация Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында онлайн жүргүзүлөт.

"Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып жатат. Биринчи иш күнүндө жаңы кадр саясаты жөнүндө жарлыкка кол койгон. Биринчи райондук административдик бийлик өкүлдөрүн аттестациялоо 1-марттан баштап акимдердин жана анын орун басарларына резерв тибиндеги ачык сынак жарыяладык. Өкмөттүн, комиссиянынтоктому чыкты. Аттестациялоо боюнча жобо бекитилди.
Азыркы учурда аттестациядан өтө турган адамдардын санын, жер-жерлерге кайсы күнү кайсы облуска бара тургандыгыбызды бекиттик.
Бүгүнкү күндө аттестациялоо боюнча үч багытта иш жүрүп жатат. Алгачкысы жобого ылайык, жер-жерлердеги өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (губернаторлор) ар бир аттестациядан өтө турган адамдар жөнүндө жеке сапаттары боюнча мүнөздөмө даярдап, комиссияга жөнөтүшөт. Учурда маалыматтар келе баштады. Экинчиден, мамлекеттик кадр кызматынан, комиссиядан жер-жерлерге барышат. Алар сынак өткөрө турган жерди даярдашат. Ар бир облуска 2 күндөй убакыт кетет экен. 11-мартта аттестациялоо башталса, 11-апрелге чейин уланат", - деди Абдырахман Маматалиев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter