У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин башталгандан тарта өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салууда


"Дүйнөдөгү кооптуу кырдаалдан улам демейдегидей ээн-эркин, бей-жай турмуш жок, үйдө камалып отуруу адамдарды психологиялык жактан жабыркатып жатат" дешет психологдор. Бул айтылган ойлор туурадыр. Бул божомолдордун анык экенин өлкөбүздөгү маалымат каражаттарынын бирине Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын  16-марттан бери облуста беш өспүрүм өз жанын кыйгандыгын кабарлаганы далил болуп жаткандыр.

“Бул балдар 11 жаштан 14 жашка чейинки куракта болчу. Алар үй-бүлөлүк ар кандай пикир келишпестиктен улам жанын кыюуга барган экен. Бул өтө жүрөктү оорута турган окуялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталды. Азыр балдарга өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени алар карантиндин айынан 24 саат бою ата-эненин кароосунда болуп жатат. Ата-энелерди ачууланбай, балдарды катуу урушпай, сабырдуу болууга чакырам. Биз мончоктой балдарыбыздан ажырадык, өтө кейиштүү” дейт Усенбаева. 

Өлкөдө жаман вирустун жайылып кетпеши үчүн Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter