"Муфтийди эл шайлашы керек" деген талап менен муфтияттын алдында митинг өтүүдө
- 21.05.2021, 11:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 21-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өтүүдө. Анда чогулган тараптар муфтийди эл шайлашы керек деген талапты айтып чыгышты.
Мындан тышкары муфтийди шайлоо таза өтүшү керек деген пикирлерди айтышууда. Учурда муфтияттын алдына боз үй тигилүүдө. Эл муфтийди шайланганча акция уланары айтылды.
"
Өлкөдөгү диндин башчысы дагы таза болушу керек. Муфтийди эл шайлашы зарыл. Ошондо шайлоо таза өтөт", - деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.