У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир жаш келин өмүрлүк жарынын колунан каза тапты


Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсү аялын өлтүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

17-май күнү саат 23:20 чамасында Сокулук РИИБине Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, 1992-жылы туулган Ж.Э. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган О.Н. аттуу аялдын күйөөсү кармалган. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө уруш кызганычтан чыгып, аял денесинен алган жаракаттарынын негизинде каза болуп калган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter