У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир туугандар ок атышып, бычакташып. Сокулукта үй-бүлөлүк майрам трагедия менен аяктады


Чүй облусунун Сокулук районунда үй-бүлөлүк отуруш мушташ жана ок атуу менен аяктап, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук ооруканадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 30-декабрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине 4 эркек киши келип түшкөнү кабарланган. Алардын үчөө октон жаракат алса, бирөө бычакталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

29-декабрь күнү үй-бүлөлүк отурушта 52 жаштагы жаран менен 49 жаштагы жарандын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланган. Бирок туугандар өз ара бөлүштүрүп коюшкан. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында 49 жаштагы жаран баш аягы 15ге чукул белгисиз адамдарды алып, 52 жаштагы кишинин Сокулук районундагы үйүнө барышкан.

Алар анын дарбазасын сындырышкан. Үй ээсинин 27 жаштагы уулу келгендерге каршылык көрсөтүү максатында ок аткан. Натыйжада 3 жаран жабыркап, ал эми өзү бычакталган. Ызы-чуу болуп жатканда ага белгисиз адам бычак сайган.
Териштирүү ишинде адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы менен 49 жаштагы жаран кармалган. Ошондой эле 27 жана 19 жаштагы балдар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter