Таңга маал Беловодскийде унаа жөө адамды сүзүп кетип, ал каза болуп калды
- 17.05.2021, 10:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүйдүн Беловодск айылында таңга маал жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
16-май күнү саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда, тактап айтканда Беловодск айылында белгисиз унаа, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. 50 жаштагы жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынын негизинде жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Бул факты катталган соң кызматкерлер айдоочуну издеп, 1996-жылы туулган
А.у.Э. аттуу айдоочу кармалган. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну. Учурда айдоочу Москва РИИБинде, ал эми Дэу-Лабо унаасы айып короосуна токтотулду.