У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндө Бишкекте 2 унаа кагышып, жөө жүргүнчүнү кошо сүзүп токтошкон


Кечээ, 18-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Токомбаев жана Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, 1995-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, андан ары жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон.

"Жол кырсыгынын натыйжасында, Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, ошондой эле 2001-жылкы жөө жүргүнчү кыз жабыркап ооруканага кайрылышкан. Учурда унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter