У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантинге шаар тургундары олуттуу мамиле кылбай жатат...

Бүткүл адамзатты чөгөлөтүп жаткан таажылуу вирусту анчейин капарга албай, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганына карабай, шаарда ээн-эркин эс алып жүргөндөрдүн саны күн санап өсүүдө.

Социалдык тармактардын колдонуучулары парктарда, көчөлөрдө, оюн аянчаларында жаш балдардын ойноп жүргөнүн, ата-энелердин ымыркайларын сейилдетип жүргөнүн байма-бай жарыялап жатышат.

Кызыгы, сейилдөөгө чыккандар эч кандай беткапсыз, балдарына да беткап кийгизбей жүргөнүн баамдоого болот. Эл бейкапар сейилдеп жүргөн учурда көзгө көрүнбөгөн вирус 94 адамды буутан чалды. 


Эскерте кетели, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал 22-марттан тарта кирсе, 25-марттан тарта коменданттык саат жарыяланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter