Казандагы мектептеги ок атуудан 9 адам каза болду
- 11.05.2021, 14:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
11-майда эртең менен Казань шаарындагы №175 мектепте ок атуу катталган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мектепке ок аткан адам кармалган. Ал 17 жаштагы жигит болгону белгилүү болду. Учурда балдар эвакуацияланып жатат.
Окуя болгон жерге 20 тез жардам тобу жөнөтүлгөн. Ал жакка Татарстандын прокурору Илдус Нафиков жана күч органдары барышкан.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынан РИА Новостиге кабарлашкандай, ок атуудан тогуз адам каза болду (алардын көпчүлүгү балдар), 10дон ашык жаран жараат алып, анын төртөө ооруканага жаткырылды.