У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Тез жардам унааларына бөлүнгөн акчанын жарымын жеп алыштыбы?..

15-июлда Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» унаасын сатып алганын билдирди. 13 унааны сатып алууга жалпысынан 765000 доллар каражат жумшалган. Ошондо ар бир автоунаа 58 миӊ долларга сатылып алынган. Ушундай эле «Тез жардам» унааларынын жаӊысы 20 миӊ доллар турат экенин коомчулук, социалдык баракчаларга жазып, керек болсо автоунаа саткан заводдордун сайттарындагы бааларды жарыялашты. Заводдогу бааны алып карасак, биздин чоӊдор эки «Тез жардам» унаасын ала турган акчага бир «Тез жардам» унаасын алышкан. Тактап айтсак, 765000 долларга бардык медициналык жабуулары менен камсыз болгон 30 «Тез жардам» унаасын сатып алса болот экен. Биздикилер 765000 долларга болгону 13 «Тез жардам» унаасын алып, калган каражаттары сол чөнтөктөрүнө салып алганбы деген ой кетет. Ушундай оор кырдаалда акча жеген акмактар бар экени өкүндүрөт. 
 
Эгер «Тез жардам» машиналары заводдо 20-30 миӊ доллар болсо, эмнеге биздикилер бир «Тез жардамды» 58 миӊ долларга сатып алышты. Бул автоунаалар эмнеси менен айрымаланат, эмнеге кымбат. Сатып алынган «Тез жардам» унааларына тендер жарыяланды беле, тендерди кайсы компания уткан. Асман чапчыган бааларга ким жооп берет. Тез жардам машиналардын бааларына мамлекет көзөмөл кылдыбы?-деген суроолор жаралат. Бул суроолого автоунаалары сатып алган Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп бериши керек. 
 
Албетте, өлкөгө азыр «Тез жардам» унаалары абдан керек. Бирок ушундай оор кырдаалда, мамлекет жардамга муктаж болуп, дары-дармек алганга каражат таппай, чет жерден жардам сурап турган кезде мамлекеттин казынасына кол салып, «Тез жардам» унааларын сатып алуунун арты менен акча жасап жаткандарга жол берилбеши керек. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бул «Тез жардам» автоунааларын барып көрдү, бирок алардын асман чапчыган бааларын билдиби?..



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter