У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жуктурган 48 бейтап өтө оор абалда, үч адам каза болду. 134 адамдан вирус табылып, 152 бейтап айыкты


Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 134 адамдан табылып, 152 бейтап айыкты. 3 адам вирусту жеңе албай, акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 46;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 12;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 78;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 1.
Кечээтен бери Бишкек шаары менен Ош жана Чүй облустарында бирден бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.


Азыркы тапта ооруканаларда 812 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 230 бейтаптын абалы оор болсо, 48инин абалы өтө оор деп бааланууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter