Чек араны чечип бериңиз деп ажого кайылган Адил бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушат
- 10.05.2021, 10:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чек араны чечип бериңиз деп ажого кайылган 12 жашар Адил Абдурахимов бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу апасы Айзада Хамдамова маалымат булактарына билдирди.
"Балам бүгүн президент менен жолугушат. Мен аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Кечээ Ысык-Көлдө болчу, бүгүн Бишкек шаарына келиптир. Баламдын максаты - чек арада коркпой, үй-бүлөсү менен коопсуз жашоо. Ал чырдан тажап, коркуп калган, ушуларды Жапаровго айтса керек", - деди Хамдамова.
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек да бул маалыматты тастыктады.
"Ооба, азыр Садыр Жапаров кичинекей Адилди күтүп жатат, алар азыр жолугушушат", - деди ал.