У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Галина Байтерек: Президент коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт


 Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровго вакцина алына тургандыгын билдирди. Анын айтымында, лабораториялык кан анализдерине ылайык, Садыр Жапаровдон коронавирус инфекциясына антителолор жетиштүү көлөмдө табылган. Ал буга чейин COVID-19 оорусу менен ооруп айыккан. 
 
«Дарыгерлердин кеңеши боюнча, азыр мамлекет башчысын эмдөөнүн кажети жок. Эгер убакыт өткөндөн кийин антителолордун саны бир топ жоголсо же азайса, анда Садыр Жапаров сөзсүз коронавирус вакцинасы менен эмделет», - деди Галина Байтерек.
 
Эске салсак, кечээ 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн зарылчылыгы жок экенин айткан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter