Галина Байтерек: "Эмомали Рахмондун Москвага болгон сапары бир ай мурун эле, чыр чыга электе макулдашылган"
- 06.05.2021, 09:42,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек
Садыр Жапаров эмне себептен Москвага барбай турганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
"Садыр Жапаров пандемиядан улам 9-майга карата Москвага барууну өзү деле пландаган эмес. Россия быйыл Жеңиш күнүн юбилейлик маанайда белгилебегендиктен, КМШнын лидерлери расмий түрдө иш чарага чакырылган эмес. Мунун себеби катары Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пандемияга байланыштуу экенин айтып, түшүндүрдү.
Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Москвага болгон сапары бир ай мурун эле макулдашылган. Мындай расмий жолугушуулар 2-3-күн калганда эмес, бир ай мурун макулдашылат, алардын сүйлөшүүсү пландалганда чек арада чыр чыга элек болчу”, - деди Байтерек.