Ош ШИИБинин кызматкерлери Баткенден үйлөрүнө аман-эсен кайтышты
- 08.05.2021, 09:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган отряд Баткендеги кырдаалдын турукташып калгандыгына байланыштуу аман-эсен кайтып келишти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар ИИМдин жана Ош ШИИБинин жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарды. Отряддын арасында жоготуулар, жарадарлар жок.
Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 36 адам каза болуп, 189 адам жаракат алды. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткендин бир нече айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.