Чек арадагы кырдаал. Тажик аскерлери кыргыз айылдарынан чыгып кетишти
- 01.05.2021, 19:36,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажик аскерлери кыргыз айылдарынан чыгып кетишти. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз айылдарындагы жана такталбаган аймактарга кирип келген Тажикстандык аскердик күчтөрү толугу менен кыргыз айылдарынан чыгып кетти.
Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы тажик тарап аткылоону токтотконун жана чек арадагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөнүн билдирген.
Ош-Исфана унаа жолундагы Жака-Өрүк участкасынан өткөн унаалардын кыймылы жанданды.