У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Бүгүн Баткенде жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт


Коргоо министрлигинин саперлор тобу Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылында жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

"Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган кыргызстандыктарды жарылуунун үнүнөн дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Облусту чек арачылар тыкыр кайтарып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.

Буга чейин Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылган. Чек ара кызматы 29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул жасаганын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter