Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 4 адам жабыркады, бирөөсүнүн абалы абдан оор
- 29.04.2021, 10:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жабыркаган 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, жаракат алган 4 тургундун бирөөсү медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган. Эки бейтап Самаркандек аймагынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми дагы бир бейтап ок атуучу куралдан жаракат алып, Лейлек аймагынын ооруканасына жайгаштырылган. Анын абалы оор деп бааланууда."Самаркандектеги бир бейтап баш мээсинен жабыркаган, экинчи бейтап болсо денесинде сыныктар бар. Жеринде "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы иш алып барууда. Зарыл болгон учурда Ош шаарынан дагы адистер жиберилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.