У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамов : "Саламаттыкты сактоо министрин президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы?"


Депутат Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министри вакцина, коронавирустун жаңы түрү боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени бир ай мурун көтөргөм. Ал комитет жыйынына келген жок. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыксын дегенбиз бул сунушубуз да өткөн жок. Ушул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Туура аны президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы? Президентке жакын адамдарды көргөнбүз. Буга чейин дагы жакын адамдар болгон. Алар кайда? Министр анчачылык асманда жүрбөсүн. Анын кызмат ордун кароо керек", - деди Икрамов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter