У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамов коронавируска каршы министрлерди түз эфирде эмдөө керектигин айтты


Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө Саламаттыкты сактоо министринен, премьер-министрден жана анын орун басарларынан башталууга тийиш. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов парламенттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, министрлерди түз эфирде эмдөө керек.
 
«Эмдөө башталганга чейин алар Жогорку Кеӊешке келип, вакцина жөнүндө, жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө айтып беришсин. ЖМКларда эмдөөдөн кийин адамдардын ден-соолугу начарлап, айрым учурда өлүмгө дуушар болуп жатканы жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар», - деди эл өкүлү.
 
 
Эске салсак, Кытай вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга келген.  Ошондой эле Россиядан 500 миң доза вакцина келери күтүлүүдө


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter