1 адам каза болду. Бүгүнкү статистика
- 31.03.2021, 10:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 адам көз жумду. Каза болгон жаран Бишкек шаарында катталганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 499ду түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 470, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 29.
Дагы 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акыркы суткада Талас облусунда ооруну жуктургандар катталган жок.
Бишкек шаары –
48;
Ош шаары –
1;
Чүй облусу –
36;
Ош облусу –
1;
Нарын облусу –
1;
Ысык-Көл облусу –
6;
Жалал-Абад облусу –
4;
Баткен облусу –
1.
Республика боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 374 болду.
Ал эми соңку суткада 86 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары –
44;
Ош шаары –
2;
Чүй облусу –
25;
Ош облусу –
1;
Нарын облусу –
1;
Ысык-Көл облусу –
13.Муну менен жалпы айыккандардын саны 84 миң 809ду түздү.