Уу коргошунга дагы бир киши ууландыбы?
- 27.04.2021, 16:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык тармактарда уу коргошун (аконит) менен дагы бир жаран ууланып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун түштү деген маалымат тарап жатат.
Ал эми аталган оорукананын маалымат кызматы айтылгандарды четке какты.
"
Биздин ооруканага аконит менен ууланып эч кандай бейтап түшкөн жок" деп билдиришти аталган ооруканадан.
"Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, окуя жашырылып жаткан жокпу?
Эске салалы, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын жазган. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген. Алар ушул менен эле токтоп калбай, түз эфирде 16-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ичиришкен.