Нурболот Үсөнбаев жаӊы кызматка дайындалды
- 27.04.2021, 14:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Министр Алымкадыр Бейшеналиев 25-мартта орун басарларын кызматтан алган. Ал аларды кызматтан алуусунун себебин өзү иштеп жатканда орун басарлары саякаттап, эс алып жүргөнү менен түшүндүргөн.