У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Бишкек шаарындагы микроавтобус айдоочулары өлкөдөгү пандемияга байланыштуу жол кирени убактылу 20 сомго көтөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу «Автобус Альянс» Ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
 
Анын айтымында, учурдагы алгоритмине ылайык, салондогу кишилердин саны 70-80 пайыздан ашпашы керек.
 
“Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жол кире төлөө акысын убактылуу көтөрүүнү суранабыз. Себеби учурдагы тариф чыгымдарды да актабайт. Жүргүнчүлөр орундуктарга 20 сом төлөөгө даяр. Ишканалар жабылбайт. Адамдар кандайдыр бир жол менен иштеши керек. Коомдук транспорттор жана таксилер дем алыш күндөрү жүрбөйт. Жумушчулар иш ордуларына кантип барышат? Эгер жол кире көтөрүлсө айдоочулар орундуктун санынан ашык киши салышпайт. Салондогу кишилер түшсө гана башка жүргүнчүлөр алынат. Бул байланыштарды минималдаштырат”,- деди ал.
 
Григорий Николаиди бул сунуш эпидемиологиялык комиссияда, республикалык штабда, Транспорт министрлигинде өткөн жыйындарда айтылганын кошумчалады.

Булак: 24 кж


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter