Алымкадыр Бейшеналиев: "Коронавирустун үчүнчү толкуну май айынын акырына туура келет"
- 15.04.2021, 11:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну май айынын аягы, июнь айынын башына туура келээрин айтты.
«COVID-19га каршы антитела 8айдан 1 жылга чейин сакталат. Элдин басымдуу бөлүгү июнь-июль айларында оорушкан. Демек, оорунун күчөгөн маалы май айынын акырына туура келет деп болжолдоп жатабыз. Мурдагы каталар кайталанбашы үчүн бардык ооруканаларда дарылардын жана коргонуучу каражаттардын 2-3 айылык запасы камдалган»- дейт министр.