Коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларында болушу мүмкүн
- 05.04.2021, 13:08,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларында башталышы мүмкүн экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев божомолдоодо.
Анын божомолдоосуна караганда май-июнь айларында вирус күчөшү мүмкүн. Анткени вируска каршы адамда пайда болгон антитела бир жылга жетет. Өткөн жылы май-июнь айларында вирус күч алып, элдин көпчүлүгү ооруп айыккан.
Министрлик үчүнчү толкундун алдын алууга аракет көрүүдө. Бул үчүн алар элди коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүдө.