Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин баштыкка салып келе жаткан адам кармалды. Жалал-Абад облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин маалыматына ылайык, тергөөнү облустук милиция жүргүзүп жатат.
Өткөн жылдын сентябрь айында Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалган. Кыргызстанда аюуну атууга уруксат жок. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 1 миллион сом айыппул салынат.