У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда аңчылыкка уруксат берилди


Өлкөдө аңчылык кылууга уруксат берилди. Тактап айтканда август айынын экинчи ишембисинен тартып кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга болот. Аңчылык убактысы октябрь айынын акыркы жумасына чейин созулат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйылкы аңчылык мөөнөттө жалпысы 800дөн ашуун кулжа-теке, 60 баш каманды атууга уруксат берилген.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрлөрү, 3 миңден ашуун каман эсептелген. Мындан тышкары “Кызыл китепке” киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашкан. (ZKo)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter