Улукбек Марипов: "Айзаданын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айта албайм"
- 08.04.2021, 13:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Митингдин катышуучулары өкмөт үйүнүн алдына барып, премьер-министр
Улукбек Марипов менен жолугушууда. Анда өкмөт башчы чогулган элге кайрылып, ишти иликтөөгө бир аз убакыт берүүнү суранды.
"
Бул маселени президентибиз дагы карап жатат. Иликтөө үчун бир аз убакыт бериңиздер. Өкмөт башчы катары алдыныздарга чыгып билдирүүгө айтып жатам. Кечээ күнү дагы билдирүүгө жасаганбыз. Аталган маселе көзөмөлдө. Ким күнөөлүү экенин айта албайм", - деди өкмөт башчы Улукбек Марипов.
Эскерте кетели, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.