У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коргонуучу кийими жок келген чиновниктерди обсервацияга киргизбей койгон дарыгерди иштен алышты


Кечээ 23-мартта Бишкектеги №1 мектеп-интернатында обсервацияда жаткандарды көрүүгө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен келген өкүлдөрдү атайын вирустан коргоочу кийими жок болгону  үчүн киргизбей койгон дарыгер Бахтияр Абсаматов иштен алдынды. Бул тууралуу дарыгер маалымат булактарынын бирине кабарлаган.

Карантин жүрүп жаткан зонаны текшерүү үчүн министрликтен бир нече адам барган, бирок дарыгер "атайын формаларыңар жок экен, бул жайга респираторлорсуз, атайын кийимсиз  медицианалык халат менен киргенге болбойт", - деп кирүүгө уруксат берген эмес.

Анын мындай кадамынан көп өтпөй иштен алынгандыгын кабарлашкан. Аталган окуя боюнча азырынча министрликтен, республикалык штабдан да комментарий берише элек. 

Эске салсак, вирусту жуктуруп алгандардын саны 40тан ашты...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter