У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кутман Садыбакас уулу: "Жан дүйнөм лирикага жакын, термелткен ырларды жакшы көрөм"

Мукамдуу үнү, өзгөчө аткаруусу, сөз багып, айтыш өнөрүнө болгон астейдил мамилеси менен башка жаш чыгармачыл инсандардан айырмаланган ырчы, төкмө акын Кутман Садыбакас уулу менен маек курдук

- Кутман, балачагыңды эске салгым келип жатат... 
- Өзүм Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук айылында 2001-жылы жарык дүйнөгө келгем. Чыбыкты ат кылып, өз такымга камчы урган чыканактай курагым   айылда өттү. Комузга дитимди салып, ырга  кичинемден берилип өстүм . Мектепте жүргөндө да айтышка кызыгып, кыргыз, казак акындарынын айтыштарын калтырбай казып уктум. Учурда Баян Акматов, Мамбет акын агаларым менен бирге "Музай"тобунда ырдап жүрөм. Буйурса  быйыл, кыргыз улуттук консерваториясына  тапшырып билим алам деген планым бар.

- Өнөр жолундагы устаттарың кимдер?
- Өнөрдө устаттарым, эң алгач мага комуз үйрөтүп шыгымды арттырган мектебимде музыка мугалими, Аида Эгембердиева эжем , андан соң акындарга аралаштырып акындыктын жолун түшүндүргөн устатым Баян Акматов агам, жана Жеңишбек Жумакадыр , Аалы Туткучев,  Элмирбек Иманалиев өңдүү устаттардын уңгусун алып жүрөм.

- Өткөндөгү Нарында өткөн концертиңер кандай болду?
- 23-февралда Нарын драма театрында Музай тобу "Улуу тоонун уулдары" аталышындагы тушоо кесүү концертибизди берип элден бата алдык. Буйурса  жакшы деңгээлде өттү, эл алдында жандуу үн менен ырдадык, кенен бир айтыш курдук. Концерт кызыктуу театралдаштырылган жакшы элестер менен коштолду. Эл жакшы кабыл алды кудайга шүгүр.

- Репертуарыңда канча ырың бар? Кандай ырлар жагат?
-  Эң алгач Майра Керим кызынын "Сезим жанары" деген чыгармасын аткардым. Буйурса  дагы көп чыгармаларды аткарып чыгам деген ниетим бар.  Менин жан дүйнөм  лирикага жакын, термелткен ырларды жакшы көрөм.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter