У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу: «Эч кимге айта албаган сырларымды комузум менен бөлүшөм»



- Комузчу болгонуңа сыймыктанасыңбы же  өкүнгөн учуруң да болду беле?
- Албетте сыймыктанам. Эгер сени курчаган чөйрө,  үй-бүлөң түшүнүктүү болсо тандаган кесибиӊе  эч качан  өкүнбөссүң... Себеби кандай кырдаал болсо да алар сени колдоп, тандооӊду сыйлап урматташат. Бирок жашоо дайыма биз ойлогондой боло бербейт...
  Кандай болгон күндө  да комузчу болгонума  өкүнө элекмин. Тескерисинче кубанам. Комуз деген сенин кайгыӊды, кубанычыӊды теӊ бөлүшө алган досуң, сырдашың  дагы болуп берет. Эч кимге айта албаган  сырларымды комузум менен бөлүшүп, ичимдеги  букту   күү  менен чыгарып  эс алып алам. Комуздун тилин, күүнүн сырын билген адам  гана комуздун кадырын, сыймыгын, улуулугун аӊдай алса керек дейм. 
Өнөр адамы да өнөрдөй бийик, жан дүйнөсу аруу жана бай болуш керек дегенге кошуласыӊбы?
- Өнөрдөй бийик, жан дүйнөсү аруу жана бай болуу жалпы адамзатына тийиштүү  сапат деп эсептейм.   
 -  Жаш балдарга комуз үйрөтөм, шакирт таптайм деп жаттың эле ал тилегиң орундалдыбы?
- Ооба, комуз үйрөтүп, өнөрдү жайылтуу тилегим,  акырындан ишке ашып келе жатат. Учурда шакирттерди тарбиялоо менен  алекмин.   Жаш балдар эле эмес, жалпы калоочулардын баарына эшигибиз ачык.
- Комуз үйрөнөм дегендер  көпбү? 
- Комуз үйрөнүүнү каалагандар көп,  убактысын бөлгөндөр аз. 
-  Силерге келген окуучуларга  кандай талаптарды коесуӊар?
- Эч кандай деле өзгөчө талаптар жок. Эӊ биринчи калоо, экинчи жөндөм. Албетте, убакыттан уттурбай, аны туура пайдалана билип, аракет жасоо менен ийгиликке жетүүгө кадам таштоо гана керек. Элибизде «1 пайыз талант 99 пайыз эмгек» деген сөз бар эмеспи, комуз үйрөнүү да ошондой эле. Талантыӊ ташкындап турса да эмгек кылбасаӊ өспөйсүӊ. 
-  Балам үйрөнө алган жок үйрөтө албайт экенсиңер деп нааразы болгондор да болобуЧынында  эле такыр үйрөнө албай койгондор да кездешеби, аларга эмне жооп айтасыӊ?
- Азырынча мындай нерсе боло  элек. Келечекте да мындай көрүнүштөрдү  болтурбаганга аракет жасайбыз. Үйрөнө албагандарга өзгөчө мамиле жасап, үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз.  Бирок, башында кабыл алып жатканда жөндөмүнө карап кабыл алабыз. Шыгы жоктор да кездешпей койбойт.  Адамдын баарына эле шык, жөндөм берлиген эмес. Айрымдар комузга шыгы жок болсо башка нерсеге абдан жөндөмдүү келет эмеспи. Ошондуктан кабыл алып жатканда текшерип алабыз.  
- Сен азыр жашсыӊ, өзүӊдү устат болууга даярмын деп ойлойсуӊбу?
- Албетте, комуздун түбүнө жетип, беш колумдай билем, мыкты күүчүмүн дебейм. Бирок буга чейин залкар  комузчулардан алган сабагымдын негизинде, билгенимди жаштарга үйрөтө аларыма ишенем.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter