У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты-видео


 
Мыйзамдагы ууру Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) кызы Эркеайымды турмушка узатты. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин күйөө баласы 25 жаштагы Руслан аттуу жигит.  27-март, ишемби күнү «Arzu Grand» ресторанында нике тоюу болуп өткөн.  
 
Үйлөнүү үлпөт той өзү жекшемби күнү «Версаль» ресторанында өткөн. Майрамдык иш-чарага чакырылган эркектер менен аялдар өзүнчө майрамдашкан.  
 
«Көлбаевдин күйөө баласынын уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок экендиги белгилүү болду.  Иш-чарада белгилүү ырчы Мирбек Атабеков ырдады», - деп билдиришкен редакцияцияга.
 
Белгилей кетсек, Камчы Көлбаевдин төрт баласы - үч кызы жана бир уулу бар. Ал тун кызы Санираны 2017-жылы турмушка узаткан. Жаӊы турмуш жолуна аттанган  Эркеайым - Көлбаевдин экинчи кызы.


 
Булак: 24 kg
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter