У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев кармалганы айтылууда


«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилгени кабарланды.

Соцтармактарда аны 22-октябрда Бишкектеги спортклубдардын биринен кармашканы тууралуу сүрөттөр жарыяланды. УКМК бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын 16-октябрда УКМКга төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал «Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла» деп айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter