У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди


 
Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясы Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) баш коргоо чарасын жактоочулардын жүйөөлөрүн жана иштин жагдайларын эске алуу менен өзгөрттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Камчыбек Асанбек жашаган жеринен, башкача айтканда, Чолпон-Ата шаарынан чыга албайт. 
 
«УКМК тарабынан Камчыбек Асанбекке карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек”, - деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter