Коронавируска карата ачылган эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү
- 25.03.2020, 10:25,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Каржы министрлиги өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларына акча каражатын которуш үчүн атайын эсеп ачкан. 24-мартка карата аталган эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү. Учурда ал каражаттын бир да тыйыны коротула элек.
Каражатты кимдер которгону жөнүндө айтылган жок. Чогулган каражатты натыйжалуу колдонуу, ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн комиссия түзүлөт. Ага парламент депутаттары, жарандык активисттер, коомдук ишмерлер кирет.