Депутаттар тарасын, тарабасын?..
- 30.01.2020, 21:08,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул Акаевден калган таберик саясат. Бул шылтоого Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы отко май чачкандай эле таасир калтырып жатат. Себеби бирөө эле. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын компетентсиздиги. Жетимиш пайыз олигархтык, отуз пайыз ар кошкон, бандит чалыш парламентти компетенттүү парламент деп айтуунун өзү ыңгайсыз. Ал тургай аны депутаттар да мойнуна алат. Бир-эки мисалын эле айтсак. Экс депутат Асылбек уулу Дамирбек контрабандист эле эмес, башка өлкөнүн жараны болуп чыкты. Дагы бири ошол эле контрабанданын айынан атышкандардын жакыны, тиешеси бары болду. Аравандык эки депутат мушташты. Өмүр бою көчөдө мушташып жүрүп депутат болгону бар. Ун сатып жүргөнү, бензин сатып оокат кылганы, уурулукка шектелгени... Анан ушул парламенттегилерд и к а н т и п депутат деп айтканга ооз барат? Коомчулук иренжип, алар отурган имаратка чейин барып түкүрүп кетип жаткандары мына дал ушундан.
Парламент табиятында полемиканын, идеялар, көз караштардын плюреализмин чагылдырган трибуна болсо, азыркы ЖК аны «базарга» айлантып жиберди. Коомчулук мындай парламентти кескин сындап, "базар парламент" кетсин десе, айрым эл өкүлдөрү чычалап "биз базар эмес, парламентпиз" дейт. Өмүр бою телевиденияда иштеп, журналисттик билими бар чыканактай кызды КТРКнын Байкоочу кеңешине өткөрө албай, Каракол шаарынын базар башчысын ал кейиштүү кеңешке алып келген парламентти "базар парламент" дебегенде кандай парламент деш керек??? Өз добуштарына кайра каршы чыккан, элементардуу эсепти санай албаган ЖКга элдин сыны акыйкаттуу экенин бул учурда моюнга алууга акылуубуз. Коомчулук мындай сындоого моралдык укугу бар.
Айрым бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар "Эл өзү шайлады, элдин тандоосу болду" деп айтышы мүмкүн. Ошол «базар парламентти» түзүүчүлөр учурунда мындай көөнү этеги менен жашырып, бардык кандидаттарды апакай кылып мактап, акчасын алып, кайра элге таратып отуруп ушул кургуйга дал ошол партия лидерлери алып келди. Демек коомчулук азыркы парламентке баа бериш үчүн азыркы беш фракциядан турган партияларды шайлабашы керек. Ансыз «базар парламент» жүрүшү улана берет.