Жоготуу катталган жок, вирусту 100 киши жуктурду
- 26.03.2021, 10:23,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы сутка ичиде 100 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жуктуруп алгандар:- Чүй облусу — 46;
- Бишкек шаары — 45;
- Ысык-Көл облусу — 5;
- Ош шаары — 2;
- Жалал-Абад облусу — 1;
- Баткен облусу — 1.
Ош, Талас жана Нарын облустарында вирус илештирип алгандар катталган жок. Өлкөдө бул илдетти жуктургандардын жалпы саны 87 858ге жетти.
Бактыга жараша, коронавируска кабылгандар арасында
көз жумгандар болгон жок. Жалпысынан 1 494 бейтап акка моюн сунду.
Ал эми оорудан сакайып кеткендердин саны өткөн суткада 62ге жетти:- Бишкек шаары — 36;
- Чүй облусу — 23;
- Ош шаары — 2;
- Нарын облсу — 1.
Былтыркы жылдын март айынан бери вируска кабылып, айыккандардын саны 84 469ду түздү.
Ушул тапта 505 бейтап ооруканада, 446 бейтап үй шартында дарыланып жатат.