Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жазуучулар Союзунан билдиришти.
Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.
Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959–1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тoo» жана башка гезит беттеринде жарыяланган.
Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан. Биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген ат менен жарык көргөн. Ал кыргыз тилине А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, Н. А. Некрасовдун, Л. Вознесенскийдин, X. Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.
Эл акынынын жакындарына, шакирттерине, үй-бүлөсүнө "fabula.kg" сайтынын жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.