Журналист Нурзат Ниязова акка моюн сунду
- 11.08.2020, 13:37,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Журналист Нурзат Ниязова
оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайты маалымат жарыялады.
"Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук", - деп жазышкан маркумдун кесиптештери.
Нурзат Ниязова 2006-жылы РРТБ бөлүмүнө ишке алынып, коомдук каналдын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген. 2015-жылдан тартып, КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген.
"Фабула kg" сайтынын жалпы жамааты маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...