Россиядагы өрт кырсыгынан кыргызстандык эки бала каза болгону айтылды
- 12.03.2021, 11:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
11-мартта Сургут шаарындагы жеке тамдардын биринен өрт чыгып, кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болду. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин Ханты-Мансы аймактык бөлүмүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан учурда балдар үйдө жалгыз болушкан. Каза болгон балдардын 9 жана алты жашта экени айтылды.