У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте канча бала бакча иштеп, канча бала барып жатат?


Бишкек шаарындагы бала бакчалар тиешелүү талаптар менен ачылгандан кийин 3 043 бала барып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

9-марттан тарта бала бакчага мектепке даярдоочу жана жогорку тайпаларга гана барууга уруксат берилген. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте кабыл алынары айтылган. Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланып, санитардык нормалар сакталышы шарт.Бүгүнкү күндө Бишкекте 77 бала бакча иштеп жатат, 12си оңдолууда. Мэриянын Билим берүү башкармалыгы күн сайын балдардын саны боюнча мониторинг жүргүзүп жатканы маалым болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter